COVID-19 пандемиясы башталгандан тарта эл аралык донорлордон 334 миллион АКШ доллары түштү. Анын 205 млн АКШ доллары пайдаланылды.
Пандемияга каршы күрөшүү боюнча чыгымдарга 27 млн долларга жакын каражат: карантин учурунда калктын аярлуу катмарына азык-түлүк, буудай сатып алууга, мындан тышкары каражаттын бир бөлүгү социалдык төлөмдөрдү: пенсия, айлык акы, жөлөк пулдарды төлөөгө пайдаланылды.
Калган 129 млн АКШ доллары Улуттук банктын эсебинде.