Кыргызстанда сутка ичинде 279 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында 134, Ош шаарында – 8, Чүй облусунда – 13, Ош облусунда – 14, Талас облусунда - 11, Ысык-Көл облусунда – 29 Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 42 бейтап коронавирустан айыкты.
Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 174кө жетти.