Россиянын аймагында 11 шайлоо участогу уюшулду
Новость www

Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандары үчүн 11 шайлоо участкасы бекитилди. Бул тууралуу Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги билдирди. 

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтөт. Россиядагы мекендештер ошол жактагы шайлоо кеңселеринен добуш бере алат. Алгачкы эки шайлоо участогу Москвадагы элчиликте жайгашкан. Ошондой эле элчиликтин Санкт-Петербург, Красноярск, Владивосток, Якутск, Иркутск, Екатеринбург, Новосибирск, Южно-Сахалинск жана Сургут шаарындагы кеңселеринде дагы ачылган.