Кадамжай: ЖААК бөлүмүндөгү кезек күтүү маселеси көкөйгө тийди
Новость www

Кадамжай районунун ЖААК бөлүмүндө кезек күтүү маселеси азыркы мезгилге чейин чечилбей келет. Мекемеге келген жарандар бир нече сааттап кезек күтүп жаткандыгы тууралуу "Элдик репортерго" билдирүү келип түшкөн. Качан көрбө жаш балдарын көтөрүп алып, кезек күтүп тургандарды кезиктиресиң. Райондун акими райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндөгү тейлөө абалын жана андагы кезек күтүү маселелерин чечип берсе жакшы болмок, - дейт билдирүү жөнөткөн автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.