Күз-кыш айларында негизи эле курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун өсүшү байкалат. Учурдагы өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен алдыдагы күз-кыш мезгили кооптуу. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Лейла Мириева билдирди.
Лейла Мириева белгилегендей, Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын биринчи толкуну салыштырмалуу жылдын жылуу жай мезгилине туш келди. Негизи эле жыл сайын республикада күз-кыш айларында курч респиратордук вирустук оорулардын жана сасык тумоонун өсүшү байкалгандактан, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга чоң таасирин тийгизиши мүмкүн.
"Бул коронавирустук инфекция жаңы, окумуштуулар активдүү түрдө изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Дүйнө өлкөлөрүнүн катарында Кыргызстанда да эпидемиологиялык кырдаал мындан ары кандай болоору тууралуу так божомолду эч ким бере албайт. Ошондуктан оорунун алдын алуу, болтурбоо үчүн жеке санитардык талаптарды так аткарып, өзүбүздүн ден соолугубузду чыңдашыбыз керек",- дейт Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунун адиси Лейла Мириева.