Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, КР ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан аткарылган дезинфекциялоо иштери боюнча маалымат.
2020-жылдын 18-мартынан тартып 2-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында 1 012 225 м2 имараттын ичи, 6 241 121 имараттын сырты жана 6 589 048 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 24 256 кг хлор, 5 154 литр суюк хлор жана 2 612 даана хлор таблеткасы колдонулган.
Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, даарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.