Өнөкөт оорусу жок балдар арасында коронавирус илдети жеңил формада өтөт - балдар дарыгери
Новость KTRK/videograp

Коронавирустук инфекция чоң адамдар сыяктуу эле балдар арасында да аныкталууда, бирок бир айырмасы өнөкөт оорусу жок балдар арасында илдет жеңил формада өтөт. Илдет жуккан 10 баланын 1 пайызында оор форма аныкталышы мүмкүн. Бул тууралуу "Ала-Тоо 24" каналына түз байланышка чыккан С. Данияров атындагы кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова билдирди. 

Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша жаңы окуу жылынын башталышы, күз-кыш мезгилиндеги респираторлук оорулардын курчушуна байланыштуу ата-энелер балдарынын ден соолугу үчүн тынчсызданышууда.

Дарыгердин пикиринде балдарга жер-жемиш, витаминдүү тамак-аштарды берип, эң жөнөкөй гигиеналык эрежелерди сактоого үйрөтүшүбүз керек.  

Буга чейин Венера Шүкүрова Кыргызстанда балдар арасында коронавирус менен байланышкан мультисистемалык сезгенүү учурлары кездешип жатканын билдирген. Дартты аныктоо жана дарылоо аракети протоколго киргенин айткан.

Эске салсак, Кыргызстанда COVID-19 илдети 1120 баладан табылды. Респбуликалык штабдын маалыматына караганда, алардын 117си бир жашка чейинки наристелер. 354ү бир жаштан 5 жашка чейинки балдар. 6-14 жашка чейинкилер 649 баланы түзгөн.