Таза суу тартыштыгы Кыргызстанда курч маселелердин бири болуп калууда. Буга чейин "Элдик репортер" рубрикасына таза сууга муктаж айыл аймактардан бир нече билдирүүлөр келип түшкөн. Дал ушул эле маселе менен Кара-Сай айылынын тургундары да кайрылган.
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кара-Сай айылынын тургундары таза суунун жетишсиздигинен кыйынчылык тартып келебиз. Мына мынтип түн бир оокумга чейин кезекке туруп суу алабыз. Качан ушул маселени чечип беришет. Кимге кайрылабыз. Карпайым элди ким угат? - деп ачууланган автор.
Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.