Коронавирус жүрөк-кан тамыр ооруларын өөрчүтөт. Дарыгерлердин айтымында, аны дарылоо көп убакытты талап кылат. Бул оору менен ооругандар коронавируска чыдашы кыйыныраак. Ошондуктан бейтап өмүр сакчыларынын айткандарын так аткарып, ден-соолугуна кам көрүшү зарыл.
Жүрөк-кан тамыр дарты дүйнө жүзү боюнча эң көп кездешет. Бул оору менен жабыркагандар коронавируска туруштук бере албай калышы ыктымал. Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы кардиологу Акпай Сарыбаевдин айтымында, жүрөк оорусу менен ооруган адамдарда коронавирусту дарылоо узакка созулат. Мындан улам, алар бир катар тийиштүү чараларды сакташы зарыл.
Дарыгер жазып берген дарыларды ичүү маанилүү. Бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо, сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек. Колдон келсе дүрбөлөңгө түшпөй, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактап, ден соолугуна өзгөчө кам көрүшү керек.