Ак-Ордо: арыкка толгон жамгырдын суусу көчөнү каптады
Новость www

Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо жаңы конушундагы Элдик көчөсү жамгыр жааганда мына мынтип көлчүккө айланат. Адам баласы басканга жол жок. Бул Гагарин көчөсүнөн ылдыйды көздөй суу агып келип  көчөбүздү каптайт. Себеби ал көчөдө жол салынып, арыктардагы сууну ушул көчөгө аккандай кылып коюшкан. Ал эми Гагарин көчөсү Ленин районуна карайт. Жолубузга шагыл төктүргөндүн деле пайдасы жок болуп калды. Эки райондун акими сүйлөшүп бир чечимге келип, ушул маселени чечип беришин өтүнөбүз дейт,- конуштун тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.