Коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу күтүлүүдө
Новость

Эпидемиологиялык кырдаалдын кайрадан курчушуна жол бербөө керек. Бул багытта түшүндүрүү иштерин жургүзүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарына чоң милдеттер жүктөлүп жатат. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Ч. Эсенгул уулу аймактык медиаборборлордун башкы директорлору менен болгон жолугушууда билдирди.

Жолугушууда COVID-19 илдети менен калктын кайрадан массалык түрдө оорушуна жол бербеш үчүн аймактык телеканалдардын эфиринде   COVID-19 жана пневмония ооруп айыккандарды реабилитациялоо, ар бир жарандын коомдук жайларда, транспортто санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткаруу зарылдыгын белгилеген маалыматтык сюжеттерди жана түз эфирлерди уюштурууну күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Жолугушууда эксперттердин божомолу боюнча, коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну 2020-жылдын ноябрь айында болушу күтүлүп жаткандыгы айтылды.

Ч. Эсенгул уулу коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусу сентябрь айынын аягында элдин массалык түрдө оорушу ыктымал экендиги республикалык оперативдүү штабта айтылгандыгын билдирип, кафе, ресторандарда куран окутуп, ар кандай мааракелерди өткөргөндөр үчүн жазаны күчөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чечкиндүү аракеттер жүргүзүлө тургандыгын жолугушууда айтты.