Окуу китептериндеги одоно каталар. Ким күнөөлүү? - Элдик репортер
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына автор "Кыргызстандын тарыхы жана дүйнөлүк тарых" окуу китебин барактап жатып, биринчи эле бетинен тескери басылган герб, туу,  гимнди көрүп, мындай одоно катага ким күнөөлүү деп суроо менен кайрылган. 

Анын айтымында, Бул деген чоң ката, болгондо да китептин биринчи бетинде, Билим берүү жана илим министри эмнеге мындай каталарга маани бербейт? Бул китеп жаңы эле басылып чыккан китеп экен,- деген билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.