Өлкөдөгү коронавирустун жайылышынын себептери иликтенүүдө
Новость KTRK/videograp

Коопсуздук кеңеши тарабынан COVID-19 инфекциясынын жайылтпоо, жуктуруу очокторун чектөө жана экономикага болгон коркунучтарды жоюу максатында 8 жыйын өткөрүлүп, мамлекеттик органдардын жетекчилерине тиешелүү сунуштамалар берилди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул иш чаралардын аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүп жатат. Катчылык тарабынан кеңештин сунуштамаларын ишке ашыруу максатында коронавирус инфекциясынын жайылышына мүмкүндүк берген шарттар менен себептерге, адам өмүрүн алып кеткен жагдайларга, анын ичинде мамлекеттик органдардын, саламаттык сактоо уюмдарынын калкка медициналык тез жардам көрсөтүүгө даяр эместигине иликтөө, анализ тыкыр жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы Коопсуздук кеңешинин жыйынына чыгарылат. Ага ылайык мамлекеттик органдарга кошумча сунуштамалар берилет. 

Белгилей кетсек, азыркы тапта Каржы полициясы тарабынан Коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери тарабынан кетирилген шалаакылыктар, Фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын жана мамлекеттик контракттар үчүн көз көрүнөө пайдалуу болбогон корутундуларды жактоодогу коррупциялык иш-аракеттер, Мамлекетке ири зыян же өзгөчө ири зыян келтирген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатат. 

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызыкдар тараптардын баарын - жарандарды, эксперттерди жана жарандык коом институттарын аталган маселе боюнча колдо болгон материалдарды жана сунуш-пикирлерди иликтөө жана анализдөө үчүн кызматташтыкка чакырат.