Көзү азиз балдар үчүн Брайл шрифти менен китептер басылып чыкты
Новость

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернаттарынына китептер басылып чыгарылды. Каражат Билим берүү жана илим министриги тарабынан бөлүндү.

Жаңы окуу жылына карата мындагы билим алган 7-класстан баштап, 11-класска чейинки окуучулар үчүн Брайл шрифти менен 4 аталыштагы китептер басылып чыкты.

Бишкек жана Ош шаарындагы көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын адистешкен мектеп-интернатында жалпы 340 окуучу билим алат.