Коронавирус боюнча абал - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда бир күндө 222 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 102, Ош шаарында – 5, Чүй облусунда – 10, Ош облусунда – 27, Талас облусунда - 4, Нарын облусунда - 12, Ысык-Көл облусунда – 23, Жалал-Абад облусунда – 25, Баткен облусунда 14 бейтап коронавирустан айыкты.Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 39 миң 648ге жетти. Ал эми 5-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 89 учур катталды. Жаңы аныкталгандардын көбү Баткен жана Ысык-Көл облустарында. Акыркы суткада коронавирустан каза болгон учур катталган жок. Штабдын маалыматына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 44 миң 316 адамга жетти. 1061 адам каза болгон.