ССМ: эч кандай балдар эпидемиясы жок - Кыргызстан жаңылыктары
Новость KTRK/videograp

Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларда балдар массалык түрдө оор абалда ооруп жатат деген маалыматты четке какты.Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, акыркы күндөрү WhatsApp мессенджери аркылуу Ысык-Көл облусундагы жана Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо мекемелеринде массалык түрдө оор абалда ооруп жаткан балдар катталууда, мындан улам кабыл алууга бош орундардын жетишсиздиги бар деген маалымат тараган.«Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бардык балдар стационарлары штаттык режимде иш алып барууда жана эч кандай “балдар эпидемиясы” жок", - деп айтылат маалыматта.Белгиленгендей, Бишкекте COVID-19 илдетине чалдыккан бейтаптар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында жана Бишкек шаарындагы №6 клиникалык ооруканасында дарыланып жатышат. №6 клиникалык оорукананын жетекчилигинин айтымында, 120 койка-орундуктун ичинен 42си бош. Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 204 койка-орундук COVID-19 илдети менен ооругандарга даярдалган. Анын ичинен 150 орун бош.Бишкек шаарындагы Медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын жетекчилигинин маалыматына караганда, жалпысынан 400 койка-орундук даярдалып, анын ичинен 60ка жакыны бош турат.