Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу беш ооруну атады
Новость KTRK/videograp

Россиянын белгилүү дарыгери жана алып баруучу Елена Малышева дүйнөдөгү эң кооптуу илдеттерди атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Малышеванын айтымында, коронавирус пандемиясынан улам адамдар чындап коркунуч алып келе турган ооруларды унутта калтырып жатышат.

"Коронавирус өлүмгө кептей турган оорулардын арасында 17-орунда турат. Ал эми эң кооптуу беш ооруга кургак учук, гепатит В, пневмония, ВИЧ/СПИД жана безгек кирет", — деди ал. Дарыгердин айтымында, коомчулук коронавирус менен башын оорутуп жатып вакцина жана дарысы табылса дагы, ушул убакка чейин адам өмүрүн эң көп алган ооруларга көңүл бурулбай жатат.