"Кыргызстандагы эпид кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте. Ошондуктан коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт", - КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.
Ошол эле учурда Өкмөттөн жаз-күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн 21-августта гриппке каршы вакцина сатып алуу максатында 221,5 млн сомго буйрук чыгарылды. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатылып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу кармарлары жана дарыгерлер эмделет.