Өкмөт медкызматкерлерге айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөм 1,4 млрд сом бөлүп берди
Новость

«Коронавирус менен күрөшүүдө адам ресурстарынын ичинен – дарыгерлерибиздин эмгеги баа жеткис», - деп КР Премьер-министри Кубатбек Боронов белгиледи.

Анын айтымында, Өкмөт эпидемиялык очоктордо иштеген дарыгерлер үчүн айлык маянасына үстөк кошумча компенсациялык төлөмдөрдү үзгүлтүксүз берип келе жатат.

- март айында: 37,7 млн сом компенсация төлөнгөн;

- апрелде: 111,1 млн сом,

- майда: 110,7 млн сом,

- июнда: 119,3 млн сом,

- июлда: 41 649 медкызматкерге – 444,1 млн сом.

«2020-жылдын 26-августуна карата компенсациялык төлөөлөрдүн жалпы суммасы 785,4 млн сомду түздү.

1-сентябрда Өкмөттүн чечими менен 2020-жылдын аягына чейин кошумча 640 млн сом бөлүндү.Бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасы – 1 млрд 425 млн сом», - деп айтты.