Орловка шаарындагы бузулган беш кабаттуу үй тургундарды кооптондурууда
Новость www

Кемин районуна караштуу Орловка шаарынын Чкалов көчөсүндөгү №59 үйдүн маңдайындагы бузулган 5 кабаттуу турак үй боюнча "Элдик репортерго" билдирүү келген. 

Шаар тургундарынын айтымында, бул үй каралбай калган, минтип бузулуп турганына көп жыл болду. Абдан кооптуулук жаратууда. Себеби көчөдөгү жаш балдар дал ушул жердин тегерегине келип ойношуп, ичине кирип, чатырына чейин чыгып алышат. 

"Эч ким көңүл бурбай койду, канчалаган жаш балдар кулап, ооруканага чейин жеткирген күндөр болгон. Азыркыга чейин ар кандай кырсыктар катталып келет. Негизи эле бул көчө каралбай калган, түнкүсүн көчө менен басыш кооптуу, себеби караңгы, жарыктандыргычтар орнотулган эмес. Кемин райондук мамлекеттик администрациясы жана Орловка шаарынын мэри ушул көйгөйлүү маселени оң жагына чечип беришин суранабыз,- дейт шаар тургундары. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.