Ак-Кыя айылынын жолунан унаа менен жүрүүгө мүмкүн болбой калды
Новость

Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылындагы унаа жолдун абалы айыл тургундарын түйшүккө салып келет. Видеодон көрүп бул жолду унаа жүрүүгө ылайыкталган жол деп айтууга кыйын. Жайкысын чаң сапырылса, жамгыр жаагандан кийин унаа айдагыс абалга келет. Бирок ушул күнгө чейин тийиштүү мекемелерден жол маселесин чечип беүүгө аракет кылгандар жок. 

Жок деген грейдер менен түртүрүп койсо болот эле го. Айыл өкмөт кайдыгер мамиле жасайт,- дейт айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.