Боронов: Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал салыштырмалуу бир калыпта
Новость KTRK/videograp

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал башка мамлекеттерге салыштырмалуу бир калыпта. Бирок ага карабай өлкөдө санитардык талаптар сакталып турат. Азыркы тапта өкмөт оорунун кайра кайталанышына каршы чараларды күчөттү, - деди премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде. 

Бул багытта калктын аялуу катмарына, дарыгерлерге мамлекеттин эсебинен эмдөө жүргүзүлөт. Учурда Бишкекте 9 Ош шаарында 5 клиника эмдөөгө катышууга арыз берди. Вакцинанын биринчи партиясы 15-сентябрда келет. Ал эми өлкөдө курулуп жаткан бир катар ооруканалардын арасынан Кара-Суу, Орловка аймагындагы жана Баткен, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы ооруканалар ковидди дарылоого ылайыкталып оңдоодон өтүп бүттү. Калган ооруканаларда курулуш иштери жүрүп жатат.