Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал башка мамлекеттерге салыштырмалуу туруктуу. Бирок ага карабай өлкөдө санитардык талаптар сактоо талабы күчүндө. Азыркы тапта өкмөт оорунун кайра кайталанышына каршы чараларды күчөттү. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди. Оорунун экинчи толкунуна каршы калктын аялуу катмарына, дарыгерлерге мамлекеттин эсебинен вакцина жүргүзүлөт.