"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын арызы сотто каралууда
Новость KTRK/videograp

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен парламенттик шайлоодон четтетилген "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясы Бишкек шаардык административдик сотуна арыз менен кайрылган. 

Эске салсак, биринчи сот отуруму 7-сентябрда болуп, 9-сентябрга кайрадан карап чыгууга жылдырылган.

Учурда, арызды кароо иштери уланып жатат.  Ал эми, имараттын сыртында "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тарапташтары чогулуп, наарызычылыктарын билдирүүдө.