Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 27 млн 477 миң адамга жетти
Новость KTRK/videograp

9-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 27 миллион 477 миң адам жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 418 миңге жакын бейтап айыгып чыкса, 894 миң 830 адам каза болду. 

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, андан кийин Индия, үчүнчү орунда Бразилия өлкөсү турат. АКШда 6 миллион 325 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул өлкөдө 189 миң 580 адам каза болду.