Калк социалдык аралыкты сактабай койгондуктан тумоону жуктургандардын саны тездик менен өсүүдө. Мындан улам бийлик чектөө чараларын кайрадан киргизди. Эми жарандар жумушта, коомдук жайларда, жадагалса деңиз жээгине сууга чумкуганы барса да бет кап кийүүгө мажбур.
Түркия бийлиги жергиликтүүлөрдү да, туристтерди да коомдук жайларда бет кап кийип жүрүүгө милдеттендирди. Көчөдө, пляжда, парктарда же коомдук транспортто болобу бет капты чечкенге болбойт. Бул режим социалдык аралыкты сактоо эрежеси менен катар бардык аймакта талап кылынат. Эрежени сактабагандарга айып жазылат.
Өлкөдө кафе, ресторан жана көңүл ачуучу жайлардын иштөөсүнө да чектөө киргизилди. Түнкү он экиден кийин кандайдыр бир иш-чара уюштуруу, үнүн бийик чыгарып музыка коюуга болбойт. Түркияда COVID-19 дун экинчи ирет жогорку чекке жетиши талкууланууда. Өткөн аптада 10 миң жаңы учур аныкталды.