Бел айылындагы эскилиги жеткен мектеп
Новость

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Бел айылындагы Арзымат Солтонов атындагы мектептин эскилиги жетип, авариялык абалда турат,- деген айыл тургундары өкмөттөн жардам сурап, "Элдик репортерго"  билдирүү жөнөтүшкөн. Эскилиги жеткен мектепте балдар үчүн эч кандай шарттар түзүлгөн эмес. Мектептин ичинде суу да жок, эшиктен суу ташып келип, балдарга тамак-аш даярдашат. Бөлмөлөр тар, жамгыр жааганда чатырынан суу өтөт, шамал чатырын учуруп кеткен, полдору чирип, дубалдары түшүп кулап калуу коркунучунда турат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.