Киев менен Кулиев көчөсүндөгү башаламандык качан тартипке келет? - көрөрмандын суроосу
Новость

Бишкек шаарындагы Киев менен Кулиев көчөсү кесилишкен жол, унаа жол эмес эле, базарга айланып кеткендей. Жол жээгинде араба менен туруп, соода кылгандар арбын. Аны көзөмөлдөгөн киши жок, мындан улам башаламандык жаралууда. 

Автордун айтымында, Жаңы аким шайлангандан бери бул көчөдөн унаа өтө албай калды. Качан өтпө жол тыгынына кабыласың. Шаар мэриясы ушул жерге келип, тартипке салып кетсе. Көрүнгөн жерде араба менен турган сатуучулар, жол бербейт өткөнгө. Бишкектин борборунда ушундай башаламандык болуп жатса, качан оңолобуз, - деп ачууланган автор.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.