Ибраимов көчөсүндө 3 айдан бери жол оңдоо иштери бүтпөй жатат
Новость

Бишкек шаарындагы Ибраимов көчөсүндө мындан 3 ай мурун жол оңдоо иштери башталып, көчө жабылган. Азыркыга чейин оңдоо иштери бүтпөй турат. Мүмкүн бөлүнгөн каражатты көнүмүш адатка салып жеп коюшкан? Орто жолдо калтыра турган болсо, баштабай эле коюшса болмок экен. Унааларыбыз көчөдө калып, мына мынтип тегеренип жүрөбүз. Бишкек шаарынын мэри көзөмөлгө алып койсо, -дейт шаар тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.