Казакстанда коронавирус жуктурган жаңы учурлар катталды
Новость www

Коңшулаш Казакстандын аймагында акыркы 24 сааттын ичинде коронавирус оорусу дагы 64 адамга жуккандыгы тастыкталды. Бул тууралуу өлкөнүн коронавирустун жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча ыкчам штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өлүм учуру катталган жок. Акыркы эсепти кошкондо пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 106 984 адамга коронавирус жуккан. Оорунун кесепетинен 1671 адам көз жумду.