Кыргызстанда адамдар сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзө башташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин 119,663 доза сасык тумоого каршы вакцина алган, алар өлкөнүн бардык аймактарына таратылат.
Кечээ, 16-сентябрда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын тургундарын эмдөө башталды.
Айнура Акматова кошумчалагандай, эмдөөлөрдү үй-бүлөлүк медицина борборлорунан алса болот, ыкчам эмдөө үчүн мобилдик топтор түзүлөт.
«ДССУнун сунушу боюнча, биринчи кезекте, өнөкөт оорулары бар 65 жаштан ашкан адамдар, интернаттардын, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, медициналык кызматкерлер эмдөөдөн өтүшөт. Белгилей кетсек, тобокелдик тобун эмдөө менен камсыздоо 13 пайызды түзөт. Акы төлөнгөн негизде эмдөөлөрдү жеке медициналык борборлордон алса болот », - деп белгиледи.