Акыркы суткада өлкө боюнча COVID-19 69 адам айыгып чыкса, 91 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды.
Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Жаңы катталгандардын аймактарга карата бөлүнүшү боюнча алсак 9 адам Бишкек шаарынын, Чүй облусунда– 6, Ош облусунда— 17, Талас облусу — 1, Нарын облусу — 1, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 12, Баткен облусунда — 30 жаңы учур катталды.
Ушуну менен Республика боюнча коронавирус аныкталгандар жалпы 45 миң 335 жетти. Анын ичинен айыккандардын саны 41 миң 484 түзсө, каза болгондор 1063 адам. Ал эми акыркы бир сутка ичинде дагы 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Алар, Баткен облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 1, Ош облусунда – 4 учур.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3197 учур катталды, алардын ичинен 2779 медкызматкер айыгып чыкты.