Издөөдө жүргөн жаран кармалды
Новость

Ички иштер министрлигинин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери баңги кылмыштуулугу үчүн издөөдө жүргөн жаранды кармашты. 

Маалыматка ылайык сентябрь айынын ортосунда башкармалыктын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаранды кармашкан. 

Такталган маалымат боюнча, КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон 1970-жылы туулган, Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин баңги кылмыштуулугу үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. 

ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн жаран Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жашынып жүргөн. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.