Улуу Британияда коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталганын жарыялашты
Новость www

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон, өлкөдө коронавирус эпидемиясынын экинчи толкуну башталганын жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазды. 

Өкмөт башчы COVID-19ду жуктуруунун кийинки толкуну Франция, Испания өлкөлөрүн кошо жалпы Европа боюнча башталганын кошумчалады. Мурдагыдай ири чектөөлөр киргизилбей турганын айткан өкмөт башчы, колдон келишинче экономикалык тармактарды ачык кармоо аракетин кылаарын билдирди. 

Бул үчүн жарандарды санитардык талаптарды сактоого чакырды. Ошол эле учурда Британияда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйүп жаткандыктан, өлкө бийлиги алтыдан ашык адамдын чогулуусуна чектөө киргизди. Эксперттер мындай эрежени бир нече ай сактоо талапка ылайык деп эсептейт. Акыркы суткада дагы 4322 адамдан COVID-19 аныкталды. Ушуну менен жугуштуу тумоого чалдыккандардын жалпы саны 386 миңден ашты. Вирус башталгандан бери анын кесепетинен 41 миң 500дөн ашык киши көз жумган.