COVID-19: Казакстанда сутка ичинде 272 жаңы учур катталып, 5 адам каза болду
Новость www

Казакстанда өткөн суткада COVID-19дун белгилери бар пневмония менен 272 жаңы учур катталып, 5 адам каза болду. Ошол эле учурда бир сутка ичинде 100 адам айыгып чыккан. 

Учурда 3 690 адам дарылануусун улантууда. Анын ичинде 40 бала бар. Ооруканаларда 1 миң 900 бейтап дарыланууда, амбулатордук деңгээлде 1790 бейтап. 

Мындан сырткары 104 адамдын абалы оор болсо, 11 адам өтө оор абалда. 18 адам жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда. Казакстанда жалпысынан коронавирус жуктургандардын саны 107 миң 262ге жетип, алардын ичинен 101 877 адам айыкты. 1671 адам каза болду.