22-сентябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 31 миллион 196 543 болду. Анын ичинен 21 миллион 348 410 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 962 793 адам каза болду. Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында дагы эле АКШ турат.
Аталган өлкөдө жалпы 6 миллион 833 800 адамдан коронавирус аныкталды. 199 818 адам каза болсо, 2 миллион 615 миң 949 бейтап айыгып чыкты. Экинчи орунда Индия.
Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 487 580 адамдан аныкталды. 87 882 адам каза болсо, 4 миллион 396 399 бейтап айыкты. Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 544 629 адам вируска кабылган. 136 895 бейтап көз жумса, 3 миллион 963 446 бейтап оорудан сакайды.