Италиялыктардын 60% дан ашыгы өлкө парламентинин өкүлдөрүн азайтууну колдоду. Бул тууралуу экзит-поллдун жекшембидеги референдумунда айтылды. Мындай демилге бийликтеги “беш жылдыз” партиясына таандык. Долбоордо сенаторлордун санын 315тен 200гө чейин, ал эми төмөнкү палатанын депутаттарын 630дан 400гө чейин кыскартуу каралган.
Эки палата тең бул идеяны былтыр жактырган. Бул чара бюджеттик чыгымдарды жылына 80 миллиард еврого кыскартып, мыйзам чыгаруу органы натыйжалуу иштеп калат деп айтылууда.
Бирок, айрым саясатчылар мындай демилгени колдогусу келбей, популисттик деп баалашууда. Анын ордуна эскирген системаны тереңирээк реформа кылууну талап кылууда. Эгер бул демилге ишке ашса Италия парламентинин курамында биринчи өзгөрүү болот.