Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны кайра көбөйүп, жагдайды тыкыр көзөмөлгө албаса кооптуу абалга бара жатат. Өзгөчө республиканын 3 облусунда эпидемиологиялык абал коркунучтуу болуп турат. Мындан улам өкмөт башчы Кубатбек Боронов Кыргызстандыктарды кыйын күндөрдү эстен чыгарбай, санитардык нормаларды сактоого чакырууда.
Кыргызстанда өткөн жумада сутка ичинде коронавирус жуктургандардын саны 47 адамдан 91 адамга чейин өстү. Өзгөчө кооптуу кырдаал Баткенде, Ысык-Көлдө жана Жалал-Абад облусунда байкалууда. 23-сентябрга карата 539 адам стационарда, 1 677 адам амбулатордук дарыланууда.
Өкмөт башчы ушул тапта шайлоого карата өтүп жаткан үгүт иштери учурунда беткап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо жана көптөгөн адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрбөө сыяктуу талаптар аткарылбай жатканын эскертип,
шайлоо компаниясына катышып жаткан саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылды.