Өлкөдө коронавирус жана пневмониядан 2 миң 242 адам дарыланууда
Новость KTRK/videograp

Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 242 адам дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда ооруканаларда 591 бейтап, үй шартында 1 миң 651 адам дарыланууда. Бүгүнкү күнгө карата тумоону жуктурган 127 жаңы учур катталды. 

Ошентип Кыргызстанда вируска кабылгандардын жалпы саны 45 миң 757 кишини түзөт. Алардын ичинен 42 миң 5 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.