Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 161 учур катталды
Новость www

Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 161 учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирди. 

Бишкекте - 29, Ошто - 13, Чүй облусунда - 9, Ош облусунда - 33, Талас облусунда - 1, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 6, Жалал-Абад облусунда - 23, Баткен облусуна - 45 киши тумоону жуктуруп алды. 

Ошентип жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 46 миң 251 адамга жетти. Ал эми сутка ичинде 151 киши вирустан айыгып чыкты. Учурда Кыргызстанда тумоодон жалпы 42 миң 453 бейтап айыгып кетти.