COVID-19: Франция экинчи толкун менен күрөшүп жатат
Новость www

Францияда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Өлкөдө август айынын башынан тарта ооруу жуктургандардын санында өсүш байкалган. Ал эми сентябрь айында рекорддук деңгээлге жетип, коронавирустун алгачкы толкунундагы эң көп катталган учурдан эки эсеге ашып түшкөн. Бир жарым айдын ичинде өлкө аймагында илдетке чалдыккан адамдардын саны 2,5 эсеге көбөйүп, инфекция жуктургандардын жалпы саны 530 миң адамдан ашкан.

Ушул тапта өлкө аймагында ооруканалар кайрадан толуп калган. Жергиликтүү калк коронавируска карата анализ тапшырууну үчүн ладораториялардын алдында кезек күтүп, чыдамы кетүүдө.

Францияда 31 700дөн ашуун өлүм учуру катталып, коронавирус курмандыктарынын саны боюнча дүйнөдө сегизинчи орунда турат. Жергилктүү бийлик азырынча жалпы улуттук карантин киргизилбейт деп айтууда. Бирок кырдаалга жараша юир катар чектөөлөр киргизилиши ыктымал.