Акыркы күн ичинде коңшу Өзбекстанда COVID-19 диагнозу 448 адамдан аныкталды. Жугуштуу тумоодон 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Өзбекстанда илдеттин курмандыктарынын жалпы саны 459 адамга жетти. Өлкө аймагында пандемия башталгандан бери 55 401 адамдан коронавирус аныкталган.
51 965 адам ооруканадан чыгарылды. Ушул тапта 2 977 адам дарыланып жатат. 725 бейтаптын абалы оор болсо, 299 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.