Казакстанда акыркы күн ичинде 38 адамдан пневмония оорусу аныкталды
Новость www

Казакстанда акыркы күн ичинде 38 адамдан пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин ыкчам штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 бейтап оорудан улам каза болгон. 21 адам ооруканадан чыгарылды. 1-августтан бери Казакстанда 32 миң 490 адамдан пневмония аныкталган. 27 миң 57 адам ооруканадан чыгарылса, 350 бейтап көз жумду.