Республиканын ооруканаларында COVID-19 экинчи толкуну мүмкүн болгон учурда, 180,6 миллион сомдук дары-дармектердин запасы бар. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдары 45,3 млн сомго, Ош облусу 45,2 млн, Жалал-Абад 39,7 млн, Нарын 13,7 млн, Баткен 12,3 млн сомго, Ысык-Көл - 10,4 млн, Чүй - 10,7 млн, Талас - 3,2 млн сомго дары сатып алышкан. Атап айтканда, антикоагулянттар запасы (гепарин, эноксапарин), температураны төмөндөтүүчү дары-дармектер (парацетамол, ибупрофен), антиагреганттар (ацетилсалицил кислотасы), антибиотиктер жана башкалар түзүлгөн.
Дары-дармектерге болгон муктаждыктын эсептөөлөрү боюнча, эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетсе, республикада дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасы түзүлүп жаткандыгы кошумчаланды.