Өлкөдө күн өткөн сайын коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө
Новость

 Өлкөдө күн өткөн сайын коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Алсак, бүгүн сакайып чыккан адамга караганда тумоону жуктуруп алгандар көп катталды. Бир күндө 167 кишиден вирус табылса, 142 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Көпчүлүк санитардык эрежелерди сактабай калды, өлүм-житим менен коштолгон оор күндөрдү тез эле унуткандай. Дарт менен алпурушуп ооруну жеңип чыккандар жана адистер мындай кайдыгер мамиленин арты жакшылык менен бүтпөйт деп тынчсызданууда.