Республикалык штаб: 12 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды
Новость www

Коронавируска дагы 12 медицина кызматкери кабылганын Республикалык штабдан билдиришти. Бишкекте 3, Ошто 3, Жалал-Абад облусунда 6 дарыгер коронавирус жуктуруп алды. 

"Ал эми бир суткада ооруканалардан 6 медкызматкер жана үй карантининен 10 медицина кызматкерлери айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 255 учур катталды, алардын ичинен 3миң8 дарыгер айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.