Казакстанда «Кавасаки» синдромуна окшош оорудан эки жана үч жаштагы эки бала чарчап калды. Өлкөнүн «Педиатрия жана балдар хирургиясы илимий борборунун» башчысы Риза Боранбаеванын айтымында, ата-энелери балдарды ооруканага кечирээк алып келгендиктен, алардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Мындан тышкары балдар кошумча кызыл жүгүрүк илдети менен да жабыркашкан.
Дарыгерлер «Кавасаки синдромуна» окшогон оору жаңы типтеги коронавирустан айыккан балдарда пайда болуп жатканын билдиришүүдө. Чарчап калган эки бала да бир нече жума мурда COVID-19 менен ооруган.
Эгер COVID-19дан айыккандан кийин эки-алты жуманын ичинде баланын денесинде кызыл тактар пайда болуп, дене табы жогоруласа, дароо дарыгерге кайрылуу керек. Мындай учурда диагноз өз убагында коюлуп, баланын айыгып кетүү ыктымалдыгы жогору болот.
Белгилей кетсек, Казакстанда балдар «Кавасакиге» окшогон мультисистемалык ооруга кабылган алгачкы учур 4-августта катталып, ооруга чалдыккандардын саны 41 балага жетти. Алардын баарында тең коронавируска каршы антитела пайда болуп, 37си айыгып чыкты.