АКШнын президенти Дональд Трамп жана анын жубайы Мелания Трамп коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Трамп өзү Твиттер баракчасында билдирди.
Ал жубайы экөө тапшырган тесттин жыйынтыгында вирус аныкталганын, ошондуктан карантинде болушаарын жазган. Буга чейин Трамптын кеңешчиси Хоуп Хикстен COVID-19 вирусу аныкталган.
Ага байланыштуу Трамп жубайы менен коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгын күтүп жатышканын билдирген.