Түркияда мындан ары Фейсбук жана Твиттер колдонуучуларына көзөмөл жүргүзүлөт
Новость www

Түркиянын бийлиги социалдык тармактардагы жеке укуктардын бузулушун алдын алуу максатында мыйзам кабыл алды. Ага ылайык мындан ары Фейсбук жана Твиттер колдонуучуларына көзөмөл жүргүзөт. Бирок бийликтин мындай иш-аракетине жарандар каршы экендигин билдирүүдө.

Буга чейин Түркия бийлиги оппозициячыл гезиттерге жана телеканалдарга бир катар чектөөлөрдү киргизген болчу. Июль айында бийликтеги Адилеттик жана Өнүгүү партиясы тарабынан социалдык тармактарга байланыштуу мыйзам кабыл алган. Учурда бул мыйзам күчүнө кирип Фейсбук жана Твиттер колдонучуулары көзөмөлгө алына баштады.

Бул күнгө чейин Түркия жарандары социалдык тармактарда сөз эркиндигин кеңири колдонуп келген. Бийликтин мындай иш-аракети өлкөнүн көптөгөн жарандарынын сын-пикирин жаратты.

Бийлик өкүлдөрү бул чечим социалдык тармактардагы жеке укуктардын бузулушун алдын алуу максатында кабыл алынгандыгын билдирди.
Учурда атайын социалдык тармактарды көзөмөлдөгөн кеңселерди ачуу тапшырмасы берилди. Мыйзамга ылайык эгерде кимдир бирөөнүн беделине шек келтирген материалдар жарыяланса, 48 сааттын ичинде жергиликтүү соттун чечимине ылайык, алардын жазган материалдары өчүрүлөт. Болбосо, мыйзамга башийбесе 40 миллион түрк лирасына чейин айып пулга жыгылат жана эң негизгиси, интернетке кирүү 90% га чейин чектелет.