Бүгүнкү парламенттик шайлоодо саат 16:00гө карата Кыргызстанда 1 млн 296 978 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, саат 16:00гө карата добуш берген жарандар жалпы шайлоочулардын 36,81%ын түзөт. "Бишкек 181 090 шайлоочу, Ош шаарында - 81 95, Жалал-Абад облусунда - 250 040, Ысык-Көл облусунда - 95 955, Нарын облусунда - 66 231, Ош облусунда - 252 903, Баткен облусунда - 94 692, Талас облусунда - 57 миң 3, Чүй облусунда 212 686 шайлоочу добуш беришти", - деди ал.